Австриянын канцлери Вернер Файман кызматынан кетти
Новость

Австриянын Федералдык канцлери Вернер Файман кызматынан кетти. Ал ошондой эле Социал-демократтар партиясынын төрагалыгын да тапшырууда. Мындай кадамын өзүнө колдоо көрсөткөндөр азайып жатканы менен байланыштырды. Отставка тууралуу чечимди партиянын аймактардагы лидерлери менен жолугушуудан кийин кабыл алды.Файман Австрия өкмөтүн 2008-жылдан бери башкарып келген.