Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясы орто мектептердин интернет жана телеберүүлөргө жеткиликтүү болушу үчүн 300 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу 26-апрелде Улуттук илимдер академиясында өткөн “Физико-техникалык проблемалар жана материал таануунун бүгүнкү күндөгү абалы” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.
Аталган конференция академик Кубанычбек Жумалиевдин Кыргызстандын илим изилдөө тармагындагы 40 жылдык илимий ишмердигине арналып уюштурулган.