Украинада орус фамилиялары украинчеге өзгөрүшү мүмкүн. Ал өлкөдөгү декоммунизациянын алкагында жүргүзүлөт. Сурамжылоо сунушу президент Петр Порошенконун расмий сайтында жарык көрдү. Эгер көпчүлүк жарандардан колдоо табылса бийлик тараптан тиешелүү аракеттер көрүлө баштайт. Маселен, буга чейин теги Иванов болуп келгендер Иваненко фамилиясын алышат. Андан баш тарткандардын укуктарын чектөө же жарандыгынан ажыратуу сунушталууда.