"Куттуу билим" толукталып чыкты
Новость KTRK/videograp

Бүгүн улуттук илимдер академиясында улуу ойчул Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасынын бет ачаары өттү. Акын жана журналист Төлөгөн Козубеков бул эмгектин түп нускасын изилдеп, кошумча маалыматтарды тактап киргизүү менен чыгарманы кайрадан жаңыртып басып чыгарган. 

Автордун пикиринде чыгыш элдеринин баалуу мурасы болгон бул эмгекти кийинки муундарга жеткирүү биздин ыйык парзыбыз деп эсептейт. Китептин бет ачаары быйылкы тарых жана маданиятты көтөрүү жылынын урматына басылып чыгып, окурмандарга сунушталды.