Китеп окуу жумалыгы башталды
Новость KTRK/videograp

Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанда иштеп жаткан донор уюмдардын колдоосу астында бүгүнтөн тартып китеп окуу жумалыгын баштады. Мындай иш чара тарых жана маданиятты көтөрүү жылынын алкагында уюшулуп, 23-апрель - китеп окуунун эл аралык күнүнө карата жыйынтыкталганы турат.

Планга ылайык китеп окуу саамалыгы Кыргызстандын бардык аймактарындагы китепканаларда, мектептерде өтүп, ар кыл курактагы окурмандардын, мугалимдердин, жазуучулардын жана китеп чыгаруучу басмаканалардын башын бириктиргени жатат. 

Касымалы Баялинов атындагы китепкана китеп жумалыгын майрамдоонун алкагында атайын “Китеп кербени “ - деп аталган иш чараны уюштуруп, Бишкектин айланасындагы 10дон ашык жаңы конуштарды кыдырып чыгууну пландап жатканын билдирди. 

Ал эми 22-апрель күнү Бишкектеги Курманжан Датка аянтында китеп күнүн майрамдоого арналган расмий көргөзмө-жарманке өтөт. Ушул жерден окурмандар жаңы чыгып жаткан китептер менен таанышса болот. Мындан тышкары түрдүү көргөзмөлөр, мастер-класстар, сынактар уюшулуп, эстрада жылдыздары иш-чарага келген меймандарга концерт коюп беришет.