Туура тандалган кесип - келечекке карай туура кадам
Новость ktrk.kg

Бүгүн, 15-апрелде К.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетинде мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ачык эшик күнү болду. 

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мектептеринен тышкары, Чүй облусунун Ысык-Ата, Панфилов жана Москва райондорунун  мектептеринин окуучулары катышты. Иш-чаранын уюштуруучулары келечектеги абитуриенттерге окуу жайдын аймагында жайгашкан Ветеринардык жана Суу музейлерин  көрсөтүштү.

Аталган окуу жайдын ректору Р.Нургазиев университеттин окуу жана материалдык-техникалык  базасы менен кеңири тааныштырып, куттуктоо сөзүндө бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, келечекте кесипти туура тандоо маанилүү экендигин баса белгиледи.