Китеп окуганды унутпайлы
Новость internet

Кыргызстан боюнча эң көп окугандар Таластын жашоочулары. Мындай жыйынтык Улуттук статистика комитетинин жүргүзгөн изилдөөсүнөн улам белгилүү болду. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар гезит-журналдарды жана көркөм адабияттарды окуганга жумасына 2 сааттан ашык убактысын жумшайт. 

Изилдөөнүн жүрүшүндө аялдарга караганда эркектер бош убактысынын көбүрөөгүн окуганга сарптайт. Эң көп окурмандар Талас облусунда болсо, китепти эң аз окугандар Баткен облусунун жашоочулары экени маалым болду.

 Белгилей кетчү жагдай, 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр көп убактысын эс алууга жумшайт. Алар көбүнчө концерт, дискотекага барып, ар кандай компьютердик оюндар жана спорт менен алектенет.