Араван районунда пахта аянты эки жарым эсеге көп айдалат
Новость tarlabitkileri.cu.edu.t

Быйыл Араван районунда пахта аянты эки жарым эсеге  көп айдалат. Жыйналган түшүмдү Түркияга экспорттоо боюнча макулдашуулар жүрүп жатат. Түркиялык ишкерлер Араван районуна 12 тонна жогорку сапаттагы чигит алып келишкен. Аны райондун дыйкандары 10-апрелден баштап себе турганын  райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Пайзулла Мирзаибраимов “Биринчи радиого” билдирди.