Илим тармагында аялдар азайууда
Новость http://www.roza.kg/

Кыргызстандын илим тармагында аялдар: медицина илиминде  – 44 пайызды,  айыл чарбасында – 50, инженердик - технологияда – 30 пайызды  гана түзөрүн жергиликтүү иликтөөчүлөр билдирүүдө. Алардын айтымында бул күн санап азайып бараткандан кабар берет. Ошол эле учурда Кыргызстанда  IT технологиясы жана так илимдерге тартылган кыз-келиндердин саны 2020-жылдары он беш миңге жетсе, экономикада олуттуу жылыштар болуусу күтүлөрүн  “Илим кыз 15 000” долбоорунун демилгечилери айтууда.  Бүгүнкү күндө табигый илимдерди же инженердик адистикке ээ болгон кыз-келиндерди ишке орноштуруу да маселеге айланган.