Брюсселде жардыруу болду
Новость internet

Бүгүн Брюсселдин Завентемдеги аба майдан аймагында катары менен эки жардыруу болду. Андан 20га жакын адамдын өмүрү кыйылып, дагы бир нече адам жарат алды. Алардын айрымдарынын абалы оор бойдон калууда. Бельгиялык Belgа агенттигинин маалыматына караганда, өлкөдө террористтик коркунучтун деңгээли бир топ жогорулады.

 Бийлик өкүлдөрү террордук чабуул боюнча толук маалымат бере элек. Жергиликтүү маалымат булактары, жардыруунун алдында атышуу орун алганын жазып чыкты.

 Жардыруу American Airlines компаниясынын каттоо бөлүмүнүн алдында болду. Аба каттамдар убактылуу токтотулуп, темир жол каттамдары да жабылды.