POST1RIGHT
Түштүк Кореянын Пхенчхан олимпиадалык айылында Кыргызстандын желегин көтөрүү аземи өттү. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, салтанаттуу иш-чарага Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.
Эскерте кетсек, Пхенчхандагы кышкы олимпиадага тоо лыжачы Евгений Тимофеев жана лыжачы Тариэл Жаркымбаев катышат. Кыргыз спортчулары 13-февралда мелдешке чыгаары айтылууда.
Ал эми КТРК СПОРТ каналы Кышкы Олимпиада оюндарын түз алып көрсөтөт.