Сирияда 5 жылдан бери уланып келе жаткан согушта 88 журналист өлгөн
Новость с/o/123/576.jpg

Press Emblem компаниясы куралдуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарда маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин коопсуздугуна көңүл бурууга чакырык жасады. Аталган бейөкмөт уюм Сирияда 5 жылдан бери уланып келе жаткан согушта 88 журналист өлгөнүн кабарлады. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн эң кооптуу өлкө катары быйыл да Сирия аталды. Ооганстан, Ирак, Пакистан жана Йемен андан кийинки сапта.

Калыгул Асамбаев, БИРИНЧИ РАДИО