Улуттук статистикалык комитет Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер көбөйүп жатканын кабарлоодо. 2011-жылы алардын саны 741 болсо, былтыр 1186га жеткен. Тарбиялануучулар да 60 пайызга көбөйүп, жалпы саны бүгүнкү күндө 161 миңден ашкан.