Кечээ, 13-мартта болгон Түркиядагы борборундагы теракттан 34 адам каза болуп, 125ке жакын адам жарадар болушту. Жардыруу Түркиянын өкмөтүнүн бир кеңсесине жакын жайгашкан, аялдамада автобус күтүп чогулгандардын жанында болгон. Чет элдик интернет булактардын маалыматында, бомбаланган жеңил унаа 2 автобустун ортосуна келип жарылган.
Катуу чыккан жардыруу Анкаранын бир канча райондоруна чейин угулган. КР ТИМнин берген маалыматында, кыргыз жарандарынын жабыркандары тактала элек.
POST1RIGHT POST2LEFT
Эске салсак, бир канча адам өмүрүн алган бул жардыруу Түркияда акыркы айларда болгон чоң жардыруулардын бешинчиси болуп, теракттын курмандыктарына жалпы 200гө чамалуу адам кабылышты.
Кечээги болуп өткөн кандуу окуянын курмандыктарын сүрөткө, видеого тартып алгандар бир нече социалдык тармактарга жүктөп, жайылтып жиберишкен. Ушуга байланыштуу Twitter, Facebook жана бир нече социалдык тармактарга кирүүгө мүмкүнчүлүк жабылды. Бул тууралуу кечээ кечинде Түркиянын каналдары кабар кылышты. Буга чейин Түркиянын Жогорку кеңеши телевидение жана радиолордон теракт тууралуу берүүлөрдү чектөөнү кабыл алышкан.