Кыргызстанда күнөсканалардын ассоциациясы түзүлөт
Новость KTRK/videograp

Бул тууралуу биздин каналга демилгечи Сыргак Токталиев билдирди. Ал ырастагандай, учурда ассоциацияга 120дай адам мүчө болуу ниетин билдирди. Бул кадам менен алар өлкө экономикасын турукташтыруу максатын көздөп жатат. 

Тагыраагы, өндүрүштүн бул түрү менен алектенгендер биригип, Кыргызстандан чыккан органикалык жашылчаларды дүйнөнүн булуң-бурчуна экспорттоо ниетинде. 

POST1RIGHT 


Адистер белгилегендей, азыркы тапта иштеп жаткан күнөсканалардын дээрлик басымдуу бөлүгү химикат колдонбойт. Бул өз кезегинде, КМШ мамлекеттеринин гана эмес, башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгууга шарт түзөт. MEDIA1LEFT

Анын алкагында, ишкерлер өнөктөш таап, инвестиция тартууга да мүмкүнчүлүктөр жаралаары айтылууда. Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча болжол менен 700дөй күнөскана бар.