Кыялдын ордуна жаралчу бирөө гана бар - ал тажрыйба дешет. Чындыгында тажрыйбадан өтөөрү жок. Тажрыйбалуу деген атка илинүү үчүн дагы канчалаган эмгек менен аракет керек экени айтпаса да түшүнүктүү.
MEDIA1RIGHT
№2 төрөт үйүндө 40 жылдан бери эмгектенип, не бир деген оор учурларды жеңилдетүүгө салым кошуп, ошол талыкпаган эмгеги менен тажрыйба топтоп, билгендерин шакирттерине үйрөтүп келе жаткан замандашыбыз тууралуу Замира Нусубалиева айтып берет.
Өрнөктүү өмүр жол, эл үчүн жасаган иш - унутулбайт, деп бекеринен айтылбаса керек. Адал эмгектенип, эл үчүн кызмат кылуунун аруу жолун тандаган адам, ар дайым элдин эсинде, ошол аруулугу менен кала берет.