Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чу дарыясынын жээгин бекемдөөдө. Эскерте кетсек, дарыянын суусу жээктерди жууп, анын нугу Кыргызстандын аймагына жылган.
Натыйжада, 500 гектарга жакын айыл чарба багытындагы жер жараксыз абалга келген. Казак тарап өз кезегинде суунун агымын Кыргызстанга өтпөс үчүн коргоочу дамбаларды койду.
Ошол эле учурда министрлик Чу дарыясынын жеп кеткен Кемин, Чүй, Аламүдүн жана “Ак-жол” бажы өткөрмө жагындагы жерлерди кайра калыбына келтирип, каналдын боюн бекемдөө иштерин жүргүздү. Эскерте кетсек, кыргыз-казак чек арасы Чу дарыясынын жээги менен аныкталат.