2-мартта Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Анын алкагында мамлекет башчы Россия лидери Владимир Путин менен жолугушат. Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү болгон Россия менен илимий-техникалык жана маданият багытындагы ошондой эле гуманитардык кызматташтык мындан ары да чыңдалып, уланат дешет серепчилер.