Дастан Шаршеев тай мушкерин нокаутка учуратты
Новость Дастан Шаршеев

POST1RIGHT

Мекендешибиз Дастан Шаршеев Таиландда өткөн таймашта ийгилик жаратты. Жекшембиде Таиланддагы "Интернационал" стадионунда Дүйнөлүк мелдеш өткөн. 

Бул саамалыкта Шаршеев тай мушкери Сомчай Пхакпхум менен кез келди. Жыйынтыгында 3-раундда нокаут менен каршылашын жеңип алды.

Кошумчалай кетеск, 27-июнда Татарстанда Антон Калинин менен реванштык беттеши орун алат. Буга чейин Антон Калинин менен 22-апрелде Татарстанда өткөн турнирде беттешкен. 

Атаандашын 3-раундда нокдаунга учуратканы менен калыстар жеңишти орусиялык балбанга беришкен.