АФК Кубогунун алкагында өткөн беттеште “Дордой” командасы тажикстандык “Истиклол” менен кез келип, 1:4 эсебинде жеңишти тарттырып жиберди. Оюн баш калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо өттү.
Беттештин 7-мүнөтүндө "Истиклолдун" футболчусу Манучехр Жалилов "Дордойдун" дарбазасына топту кадам, командасын алдыга алып чыкты.
2-таймдын башталышы менен Манучехр Жалилов экинчи тобун киргизди. "Дордойчулардан" Зарифу Сулеймана гол жаратууга жетишти.
Оюндун бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда "Дордойдун" оюнчусу Егор Потапов өз дарбазасына гол киргизип эсепти Истиклолдун пайдасына 1:4 кылып берди.