Президент өзгөчө кырдаалдар министри К. Бороновду кабыл алды
Новость

POST1RIGHT

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысына тынымсыз жааган жаандан улам ар кайсы аймактардагы чукул кырдаалдардан сактануу чаралары тууралуу маалымат берилди. 

Министр Кара-Үңкүр жана Көк-Арт дайраларында суу ташыганына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды жана Арал айыл аймактарына барып, жээктерди бекемдөө иштерин текшерип келгенин айтып берди. 

Кубатбек Бороновдун айтымында, өлкө боюнча бардык жерде тез кыймылдагы штабдар уюштурулду, ӨКМ бөлүктөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге коркунучтарды жоюу боюнча зарыл чараларды көрүп жатышат. Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министрлигине адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди. Мамлекет башчысы министрлик чукул кырдаалдарды алдын алуу жана турак-жай аймактарын суу каптабоосу үчүн мониторингди күчөтүп, өз маалында чара көрүүгө даяр туруу зарылдыгын белгиледи.