Баткен: күйүүчү майды аткезчилик жол менен ташыгандар көбөйдү
Новость

Баткенде күйүүчү май заттарын, турмуш-тиричилик жана курулуш каражаттарын аткезчилик жол менен ташууга каршы иш-чара жүрүүдө. Баткен облусунун аймагына келген мыйзамсыз жүктөрдү эсепке алуу жана талдоо, кошуна мамлекеттерге мыйзамсыз экспорттоого өз убагында чара көрүү максатында, атайын жумушчу топ түзүлүп иштеп жатат. Натыйжада бир эле күндө Баткен аймагына 50 тоннага жакын күйүүчү май келери аныкталган. MEDIA1LEFT

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык Лейлек районунун аймагында 72 май куюучу бекет бар. Аймакта аткезчиликке бөгөт коюуу максатында иштеп жаткан топтун билдиришинче Лейлек районуна карай бир ай ичинде 16 500 тонна күйүүчү май өткөн. Бирок ошол эле учурда күйүүчү майга болгон райондун муктаждыгы айына 2500 тонна же күнүнө 83 тоннаны гана түзөт. Бул көрсөткүчтөр күйүүчү майдын аткезчилик жол менен ташылып жаткандыгынын негизги себептери болууда.

Салык төлөөдөн качкан жеке ишкерлер аткезчилик жолго барышат,-дейт салыкчылар. Лейлек районунун аймагындагы май куюучу жайлар кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан.

Чек аранын такталбагандыгы же тикен зым менен тосулбаганы чек ара кызматкерлерине да түйшүк жаратат. Лейлек районундагы кайсы бир күйүүчү май бекетине багыт алган унаа түз эле тажик тарапка өтүп кеткен учурлар арбын. Бирок ушул жылдын башынан бери чек арачылар тарабынан кармалып, орточо базар баасында эсептелген 3,5 млн сомдук аткез жүгү тийиштүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.