Бишкектин борбордук көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет
Новость

13-апрелден 15-апрелге чейин борбор калаанын негизги көчөлөрү убактылуу жабылат. ИИМдин кайгуул кызматы билдиргендей, бул күндөрү ЕАЭБдин Жогорку евразиялык экономикалык жыйыны жана ЖККУ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт. 

POST1RIGHT

Бул күндөрү Жибек - Жолу, Чүй, Чыңгыз Айтматов, Манас, Жаш Гвардия проспектилеринде жана Фучик, Абдрахманов жана Байтик баатыр көчөлөрүндө маал-маалы менен жол кыймылына чектөө киргизилет.