Жер астында өтмөктө соода кылгандар митингге чыгышты
Новость www

Жер астында өтмөктө соода кылган жеке ишкерлер иш орундарынын сакталышын талап кылып митинге чыгышты. Анткени Бишкек шаарында Манас /Чүй жана Абдрахманов/Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 өтмөктө реконструкция башталганы турат. 

Ал жерде ремонт иштер башталгыча соодагерлер орундарын толук бошотушу  керек. Бирок өтмөк толук  оңдолуп бүткөндөн  кийин соодагерлер  ишин улантабы же жокпу азырынча белгисиз. Ошондуктан жеке ишкерлер жер өтмөк оңдолгондон кийин жумушсуз калабыз деп кооптонушууда.  

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"