Москва: өрттүн себептери аныкталды
Новость

Москвадагы 2016-жылдын 26-августундагы 17 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы боюнча кылмыш ишин иликтөө соңуна чыкты. Бул тууралу Россиянын Тергөө комитетинин сайтына жарыяланды. POST1RIGHT

Соттук экспертизанын жыйынтыгы боюнча өрттүн келип чыгышына андагы жарык берип туруучу жабдуунун иштебей калышы себеп болсо, өрттүн чоң көлөмдө жайылып кетишине имараттын ичиндеги басмаканага керектүү уулуу нерселердин болушу себеп болгон. 

Басмакананын башкы директору Сергей Москвин жана инженери Антон Яцков өрт коопсуздугу боюнча өрт талаптарын бузган деп айыпталды. Кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.