2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мугалимдери жана студенттери эскерүүгө алышты. POST1RIGHT
Эскерүүдө кыргыз эли ошол кезде кандай кыйынчылыктарга туш келгени, бул окуя оор жоготуулар менен коштолгону, мекенчил жаштардын эрдиктери айтылып, бирок анын натыйжасы , кыргыз тарыхындагы жаңы бурулуштарга алып келгени жөнүндө сөз болду.
Студенттер ошол кездеги бийлик жеке, керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, элине каршы саясат жүргүзгөнүнө, элибиз эч качан баш ийип бербей тургандыгын 7-апрелдеги элдин толкуну далилдеди дешти.
7-апрелдеги элдик көтөрүлүшкө катышкан баардык мекендештерибизге таазим этүү ирээтинде студенттер элдик көтөрүлүшкө арналган өз чыгармаларын аткарып беришти.