POST1RIGHT
Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында сел жүрүү коркунучу күч алды. Буга себеп дарыядагы суунун кескин көтөрүлүшү болуп жатат.
Кырсык орун алса 250 дөн ашуун турак үй жана 42 гектардын тегерегиндеги дыйкан талаалары зыянга учурашы мүмкүн.
Жылда жаз келгени Кара-Үңкүр дарыясы кооптуу жагдай жаратат. Учурда суунун көлөмү 72 метр кубга жеткен. Коопту аймакта Кыргызстан жана Чек айылдары орун алган. Мында 267 кожолук күн түн дебей сууну аңдып жашап жатат. Суу нугунан чыкса короо жайлар менен кошо айдоо жерлерди да капташы мүмкүн.
Коопсуздуктун алдын алуу аракети жылда көрүлөт. Былтыр да 12 миллион сомго 220 метрлик дамба курулган. Азыр да абалдан чыгуу үчүн эң коопту 300 метр аралыкты тосуу зарыл.
Ал эми Базар-Коргон районунун Чкалов айылына баруучу көпүрө өткөн жылдагы суу ташкынында керектен чыккан бойдон турат. ӨКМ көпүрөдөн өтүүгө болбойт деп чечим чыгарган. Бирок айылдыктардын башка жолу жок болгондуктан тобокелге салып бул көпүрөдөн өткөндөн башка аргасы жок.