POST1RIGHT
Саналуу күндөрдөн кийин Апрель ыңкылабына 7 жыл толот. Адилетсиз режимге каршы чыгып курман болгондор эскерилди.
Улуттук филармонияда өткөн иш-чарага бийлик өкүлдөрү катышып, баатырлардын эмгеги тарыхта калаарын белгилешти.
Ак үй алдындагы ондогон адамдардын өлүмү менен коштолгон окуя сахнада театралдаштырылган оюн-зоок менен көрсөтүлдү. Ал аркылуу ыңкылаптын катышуучулары тарыхый бурулуш жасалган күндү көз алдынан өткөрүштү. Максаты бир теңтуштарын эскерүүгө келген Азамат Канат уулу ал учурда болгону 19 жашта эле.
Ыңкылаптын катышуучуларына мамлекет социалдык камкордук көрсөтүү менен эле чектелбейт. Жакында эле Тескей Ала-Тоо кыркасындагы 4142 метр бийиктикте “Апрель баатырларынын атындагы чоку” деген географиялык жаңы аталыш пайда болду. Бирок, баарынан да мамлекеттин мындан ары өнүгүүсү апрелчилердин атагын алыска жеткирет. Оор окуялар менен коштолгон жеңиш жемишин берип жатат.
Бийликти күч менен кетирүүгө аргасыз кылган окуянын тарыхтагы орду мамлекеттеги өзгөрүүлөр менен өлчөнөт. Ыңкылаптан кийинки ийгиликтер оңой менен келген жок.
Эскерүүнү апрель баатырларынан куралган “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси уюштурган. Ыңкылаптын жети жылдыгына карата иш-чаралар жакынкы күндөрү дагы өткөрүлөт.