Байматовдун голу курамага 3 упайды алып берди
Новость

POST1RIGHT

Футбол боюнча Кыргызстан курамасы Макаону 1:0 эсебинде жеңип алды. Беттеш Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында өттү. 

Оюндун 65-мүнөтүндө Азамат Байматов эсепти ачты. 

Ал Ахлидин Исраиловдун узатып берген тобун Макаонун дарбазасына башы менен сүзүп киргизди.
Бул жеңиш кыргыз  футболунун тарыхына жазылды. Ошондой эле командабыз өз тайпасында 3 упай алды.