«Жүзүмө түкүрбө мекендеш» акциясы Жалал-Абадда уланууда
Новость knews.kg

«Жүзүмө түкүрбө мекендеш» деген аталыштагы тазалык акциясы Жалал-Абад шаарында өттү. Ага окуу жайлардын жетекчилери жана 300 чукул студенттер катышты.

Акцияга чыккандар калаадагы борбордук көчөлөр аркылуу жөө жүрүшкө чыгып, коомдук жайда маданиятты сактап, эң жөнөкөй тазалык шарттарына дыкат көңүл бурууга үндөштү. 

POST1RIGHT

Саамалык быйылкы "Ыйман, адеп жана маданият" жылынын алкагында "Ыйман" фонду тарабынан ишке ашты. Акциянын максаты калааны, дегеле айлана - чөйрөнү таза сактоо, көчөлөргө таштанды таштабоо, түкүрбөө жана сөгүнбөө боюнча чакырыктарды жасап, жарандарды кичи пейилдикке үндөө болуп саналат.