Агартуучуларга каралган жеңилдиктер
Новость internet

Пенсияга чыкканга чейин мектепте 25 жылдан ашык иштеген мугалимдердин пенсиясына 50 пайыздык, ал эми 15 жылдан кем эмес эмгектенгендерге 30 пайыздык кошумча акы кошулуусу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Евгения Строкова билдирди. 

Эл өкүлү ырастагандай, ыкма - бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алып, агартуучунун эмгек жылдарынын негизинде, этап-этабы менен ишке ашырылуусу керек. Маалым болгондой, өлкөдө 72 миң мугалим бар.