90 пайызы тоо менен курчалган Кыргызстандын тоо-кен тармагына 2020-жылга чейин 20 миңдей адис талап кылынат. Бул туурасында тоо-кен иштери жана тоо-кен технология институтунун башчысы Акылбек Маралбаев билдирди.
Ал абитуриенттер менен жолугуп, тоо-кен мамлекетти өнүктүрүүдө эң негизги тармак экенин айтты. Окумуштуулардын ырастоосунда, Кыргызстандан Менделеевдин элементтеринин баардыгын табууга болот, кен байлыктын 17 миңдей түрү бар.
Институт - кен байлыктарды казуу, изилдөө, чалгындоо сыяктуу адистиктерди окуткан жалгыз окуу жай. Анда студенттер үчүн жеңилдиктер да каралган.
Аталган окуу жайдын директору Акылбек Маралбаевдин айтуусунда, алыстан келген студенттер жатакана менен камсыз болушат. Жетим жана жарым жетим балдар бардык төлөмдөрдөн 100 пайыз бошотулат.Жакшы окугандар жана окуу жайдын атын алыска тааныткан студенттер акысыз билим алат.