«Портунун» Чемпиондор Лигасынан ыргыган соң Россия УЕФАнын коэффициенттик жадыбалында 6-орунду камсыздады. Португалия бул сезондо жоготкон упайын толуктоого мүмкүнчүлүгү болбойт (Португалия-49,332, Россия-50,532).
Мындай жыйынтык, Россиянын Чемпиондор Лигасына 3 жана Европа Лигасына 3 командасынын катышуусуна укук берилди (2018/19).
Эмки сезондо Россиянын чемпиону жана вице-чемпион командасы Чемпиондор Лигасынын тайпалык турнирине түз чыгат. Ал эми 3-орунду ээлегени тандоо раундунун 3-баскычынан баштап беттештерге чыгат.
Бул сезондо «Ростов» Россияга 15 упай алып берген болсо, «Зенит»-12, «Краснодар» – 11,5, ЦСКА-7 жана «Спартак» – 0,5 упайды капчыка салган.