Бишкектин "Дордой" клубу Азия футбол Конфедерациясынын Кубогунун экинчи тандоо турунун алкагында "Хосилот" командасы менен жооптук беттешетүү үчүн Тажикстанга барды.
21-февралда Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөн беттеште кыргызстандык команда 1-0 эсебинде жеңишке жетишкен.
«Дордой» биринчи квалификациялык раундда туркмөнстандык «Балкан» клубун утуп чыкса, Тажикстандык «Хосилот» «Ооганстандын» чемпиону «Шахин Исмаи» клубун жеңген.