Испаниянын «Реал Мадрид» футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду өлкө лигасында 11 метрлик айып тобун тээп киргизүү боюнча рекорд жаратты.
Ла-Лиганын кезектеги турунда Зинедин Зидандын балдары «Вильярреал» менен конокто беттешип, 2-3 эсебинде утушкан.
Экинч голду Роналду 11 метрлик айып тобунан тээп кийирген. Муну менен Кришти 57 ирет гол киргизди. Бул көрсөткүч боюнча ал легендарлуу мексикалык Уго Санчестен ашып түштү.
Криштиану 2009-жылы Реалга өткөндөн бери 64 пенальти тээп анын 57син киргизген.