Жер тилкеси үчүн жергиликтүү тургундар менен курулушка уруксат бергендердин ортосунда дагы бир талаш. 12 жылдан бери талашып, эки жылдан бери соту бүтпөй барбаган жетекчи, какпаган эшиги калбаган тургундар балдар аянтчасын сактап калуу үчүн бийликке кайрылуу жасашты.
POST1RIGHT
Соттук териштирүү аяктай электиктен курулуш иштери башталбай турат. 2006-жылы бекитилген шаардын башкы планында тосмо менен тосулган жерге тогуз кабаттуу үй салынат. Жана тургундар өздөрү салып алган балдар аянтчасы ошол бойдон калат. Бирок жергиликтүүлөр үй салганга жер тардык кылаарын айтышып, курулуш иштери такыр жүрбөсүн деп даттанышууда.
12-кичи райондогу 46 -үйдүн тургундарынын айтуусунда, 2007-жылы ошол кездеги мэр Арстанбек Ногоевдин токтому менен жер тилкеси аукциондо сатылган. Бирок жашоочулардын эч бирине кабар берилген эмес.
Ошол эле жылы жашоочулардын кайрылуусунун негизинде прокуратура жер мыйзамсыз сатылган деп токтомду артка кайтаруу чечимин кабыл алган. Бирок кийинчерээк Бишкек прокуратурасы алгачкы чечимин кайтарып алган. 2015-жылы Бишкек район аралык соту тургундардын пайдасына чечим чыгарган. Бирок эки жылдык соттошууда Бишкек райондук соту кайрылуу үчүн мөөнөтү өтүп кетти деп жашоочулардын арызын канааттандырбаганын маалымат жыйынында айтышты.
Курулуш тармагы кыргыз экономикасынын 10 пайызын түзөт. Адистер курулушту баштаарда талаш-тартыштан мурда баардык маселелерди чечип, ошол эле маалда анын жанында жашагандар да ага түшүнүү менен мамиле жасоосу керектигин айтышат.
Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча талаш-тартыштар көп. Аларга ыкчам аракет көрүү максатында мэриянын алдында штаб түзүлгөн.