«Балага сүйүнчү»: 2025-жылдын башынан бери 91 миңден ашык наристеге берилди
Новость

1-сентябрга карата жаңы төрөлгөн 91 188 балага «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпу төлөндү. Бул үчүн жалпы 365,9 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Анын ичинде 27 үч эмге 1 млн 350 миң сом берилди.

Салыштыруу үчүн, 2024-жылдын ушул мезгилинде 96 934 балага 388,9 млн сом төлөнгөн.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөмдүн өлчөмү 4 000 сомду түзөт. Эгер бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бирине 50 000 сомдон төлөнөт.

Жөлөкпул алуу тартиби:

  • Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалды каттоо органдарына кайрылуу зарыл.
  • Каражат арыз берилгенден кийин 2 иш күн ичинде жарандын банктык эсебине которулат.
  • Акчаны РСК же Айыл банктын каалаган филиалдарынан алууга болот.
  • Өтүнмө берилген күндөн тарта 6 ай ичинде алуу мүмкүн.

Керектүү документтер:

  • Жарандык паспорт
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк

Министрлик жарандарга арыз толтурганда уюлдук телефон номерин так көрсөтүүнү эскертет. Себеби каражат которулгандан кийин банк СМС билдирүү жөнөтөт.