Нарын: «Бета групп» компаниясынын техникалары камакка алынды
Новость

Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин атындагы жолдордун капиталдык курулушунда эмгектенген жумушчулардын айлык акылары соттун чечими менен төлөнмөй болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, эмгек акысын ала албай калган жумушчулардан 15 арыз түшкөн. Натыйжада «Бета групп» ЖЧКсына тиешелүү техникалар, завод жана башка мүлктөр камакка алынды. Учурда компаниянын башкы директору Т.Б. жана бухгалтерия кызматкерлери боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен «Бета групп» компаниясынын ортосундагы келишим жокко чыгарылды. Эки тараптын өкүлдөрү катышкан комиссия компаниянын буга чейинки иштерин кабыл алуу жана өткөрүү процесстерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, З.М. аттуу жаран тергөө кызматына камсыздалып, ага «Бета групп» тарабынан эч кандай карыз жоктугу аныкталды.

31-августта аталган жолдордун курулуш иштерине байланыштуу мыйзамсыз аракеттерге шектелип 4 адам кармалган.

Нарын ОИИБ компания жумушчулардын эмгек акысын төлөп бере албаган учурда, анын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү соттун чечими менен өндүрүлөрүн белгиледи.