Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, учуп-конуу тилкелери эки аэропортто тең жаңыланды.
«Президент тарабынан өлкөдөгү аэропортторду жандандырып, ишке киргизүү тапшырмасы берилген. Ошол долбоорлордун ичинде акыркы аймактык аэропорттордун бири болгон “Нарын” жана “Казарман” аэропортторун бүгүн расмий түрдө ачып жатабыз. “Нарын” аэропортуна жумасына бир жолу, “Казарман” аэропортуна да жумасына бир жолу каттам аткарылат. Бирок суроо-талапка жараша биз жумасына каттамдарды эки жолу аткарганга даярбыз», -дейт ал.
“Нарын” аэропортунун аэробекетинин жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт. Анда азыркы талапка жооп бере турган тиешелүү шарттар түзүлдү. Ал эми “Казарман” аэропортунун аэробекети реконструкцияланып, ичине жаңы жабдуулар коюлду. Учуп-конуу тилкелери эки аэропортто тең жаңыланды.