Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында мындан ары спирт ичимдиктери сатылбайт. POST1RIGHT
Мындай демилгени айыл тургундары көтөрүп чыгып, атайын жыйын өткөрдү.
Жыйындын катышуучулары бир ооздон спирт ичимдиктерин айыл ичинде сатууга тыюу салууну колдошту.
Алар өз каражатына айылдагы дүкөндөрдөн 26 миң 500 сомдук спирт ичимдиктерин сатып алып, жок кылышты.
Мындай кадамды эми Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн карамагындагы 4 айылдын тургундары да колдой турганын айтып чыгышты.
Айылдыктардын чечимине каршы чыгып, спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөр жабыла турганы белгилүү болду.