"Нарын" жана "Казарман" аэропорттору расмий түрдө ачылды
Новость

Бүгүн, 8-сентябрда "Нарын" аэропорту расмий түрдө ачылып, толук пайдаланууга берилди.  Анын ачылыш салтанатына президент Садыр Жапаров катышып, тасмасын чечти. Аны менен катар Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы "Казарман" аэропорту онлайн режимде ачылды.

Өлкө башчы аймактык аэропорттордун реконструкциядан өтүп, аба каттамынын кайра жанданышы Кыргызстандын авиация тармагы өнүгүү жолунда бара жатканын көрсөтүп турганын белгиледи. Ошондой эле ал аэропорттордун иши илгерилеп, асманыбыз ачык болуусун тилек кылып, салтанат менен теңиртоолуктарды куттуктады.

-Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон биздин шартта аба каттамы дүйнө өлкөлөрү менен алака-катышыбызды арттырууда зор роль ойнойт. Бул багытта "Кыргызстан аэропорттору" Ачык акционердик коому жигердүү өнүгүү жолунда баратат. Уюштуруу, башкаруу жакшырып, өлкө боюнча аэропорттордун инфратүзүмү жаңыланып, маршруттук тармак кеңейүүдө.  "Нарын" жана " Казарман" аэропорттору совет доорунда курулуп, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Эми чейрек кылымдан кийин "Нарын" аэропорту жанданып Бишкек-Нарын-Бишкек каттамы ишке кирди. "Нарын"; "Казарман" аэропорттору тоолуу аймактардын транспорттук түйүнү болуп саналат. Бул аэропорттор Нарын облусу менен Тогуз-Тороо районунун жашоочуларын бүткүл Кыргызстандын жашоочулары менен алака-катышын арттырууга чоң салым кошот. Аэропорттордун ишке кириши менен тоолуу региондорубуздун транспорттук инфраструктурасы жакшырып, инвестициялык аброю артат. Ошондой эле чет элдик ишкерлердин, туристтердин Нарын дубанына жана Тогуз-Тороо районуна ыкчам жана ыңгайлуу жетишине өбөлгө түзүп, алыскы региондордун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө чоң пайда алып келет, - деди президент Садыр Жапаров.

“Нарын” аэропорту толук реконструкциядан өтүп, 500 чарчы метрди түзгөн аэровокзал жаңы салынып ичинде бардык шарттар түзүлдү. Ошондой эле учуп-конуу тилкеси толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, асфальт төшөлгөн.  

"Нарын" аэропортун жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүүдөгү стратегиянын бир бөлүгү. Аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу менен өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланаары күтүлүүдө. 

Совет мезгилинде алыскы аймактар үчүн негизги транспорттук түйүн болгон “Нарын” аэропортунун имараты 1964-жылы, ал эми жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген. Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган.

Буга чейин  "Нарын" аэропортуна техникалык сыноо менен Asman Airlines компаниясына таандык учак конгон. Ал эми аталган компаниянын учагы 4-сентябрында алгачкы  рейсин аткарып, жүргүнчүлөрдү алып келди.  Мындан ары жумасына 1 жолу ички каттамдар жүргүзүлөөрү пландалууда. Учуу баасы 2100 сом.