Эл аралык олимпиада: Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча 3 коло медал жеңди
Новость

Кыргызстандык 3 окуучу IX Европа өспүрүмдөр информатика олимпиадасында (EJOI 2025) 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, олимпиада 29-августтан 4-сентябрга чейин Болгариянын Шумен шаарында өттү.

Олимпиадага 24 өлкөдөн – Армения, Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Болгария, Хорватия, Кипр, Эстония, Франция, Грузия, Греция, Венгрия, Исландия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Молдова, Түндүк Македония, Польша, Румыния, Сауд Аравиясы, Сербия, Түркия, Украина жана Улуу Британиядан 15 жашка чейинки окуучулар катышты.

Кыргызстандан бул олимпиадада 4 окуучу катышып, алардын үчөө коло медаль алды. Алар:

  • Эмирхан Сыдыкбаев, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу (Бишкек шаары);
  • Актан Мавлянов, Intellect Pro мектебинин 9-классынын окуучусу (Бишкек шаары);
  • Аруубек Баймырзаев, «Акылман» президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу (Чолпон-Ата шаары).

Кыргызстан Эл аралык мектебинин 8-классынын окуучусу Абдувалиев Бектен (Ош шаары) катышуу сертификатын алды. Аны олимпиадага Мирбек Бакиров даярдаган.

Эмирхан Сыдыкбаев менен Актан Мавляновду олимпиадага Медербек Осмонов даярдаган. Аруубек Баймырзаевди болсо олимпиадага Медербек Осмонов менен Эрбол Жусупбеков даярдаган.

Команданын жетекчиси – Медербек Осмонов, ал эми анын жардамчысы – Мирбек Бакиров.