Сак болуңуз! Интернетте Минкаб төрагасынын атын жамынган алдамчылар пайда болду
Новость

Президенттин администрациясынын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков акыркы күндөрү интернет айдыңында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан жасалма билдирүүлөр тарап жатканын айтты.

Анын айтымында, алдамчылар WhatsApp аркылуу төраганын атынан 3–4 кызматкерге жазышкан. Демек, башка жарандарга дагы ушундай билдирүүлөр жөнөтүлүшү ыктымал.

«Буга чейин дагы жогорку кызмат адамдарынын атынан SMS билдирүүлөрдү жиберген алдамчылар аныкталып, бөгөттөлгөн. Ошондуктан мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө, маалыматты сөзсүз тактоого жана тийиштүү органдарга кайрылууга чакырабыз. Интернет алдамчылары бар экенин, алардын айла-амалдарын жакындарыңыздарга айтып коюңуздар. Сак болуңуздар!», — деди ал.

Ошондой эле, учурда тийиштүү органдар бул факты боюнча иш жүргүзүп жатканы, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылары белгиленди.