Бишкектеги мыйзамсыз курулган 5 кабаттуу имарат бузулуп жатат
Новость KTRK/videograp

Бишкектеги Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде мыйзамсыз курулган 5 кабаттуу имарат бузулду. POST1RIGHT

Эч кандай тиешелүү уруксат кагаздары, документтери жок курулган имаратты бузуу иштерин тийиштүү мамлекеттик кызматтар жүргүздү. 

Буга чейин мамлекеттик экотехинспекция жер тилкесине курулуш жүргүзүп жаткан ишкерге административдик жаза салып, объектини бузуу боюнча токтом кабыл алган. 

Экотехинспекциянын адистеринин айтымында, борбор калаадагы имараттар биринчи кезекте көркөм архитектуранын жана техникалык-инженердик талаптарга дал келиши зарыл. 

Жакын арада Бишкектеги башка дагы өзүм билемдик менен курулган объектилерди бузуу пландалып жатат.