Жаштар арасында атагы таш жарып келаткан ырчы Калыс Жакыпов жакында үйлөнөрүн айтып, далай кыздардын демин суутту окшойт.
Ырчы бул тууралуу УТРКнын “Музыка” каналынын “Музлав” берүүсүндөгү маегинде билдирди.
Анын айтымында, болочок жубайы менен чыгармачыл чөйрөдө таанышкан. Алгач аны УТРКнын сахнасынан көрүп, ошол учурда эле көңүлүнө жаккан. Эми болсо Кудайдын буйругу менен баш кошчу күн жакындап калды.
«Жигит адам үйлөнгөндө дагы бир адамдын жоопкерчилигин ала тургандай абалга жетиши керек. Азыр ошол учур келди окшойт. Ошондуктан өтө деле толкундануу жок», — деди ырчы.
Калыс Жакыповдун айтымында, үйлөнгөндөн кийин жубайы блогерлик ишин уланта берет, өзү чыгармачылыгын өркүндөтүүнүн аракетин көрөт.
«Бир үйгө бир эле ырчы жетет деп ойлойм, бирок келинчегимди чектегим келбейт. Баары өз нугунда болот деп ишенем», — дейт ырчы.
Видеосу толугу менен