Өкмөт быйыл кант кызылчасын көбүрөөк өстүрүүгө көңүл буруп, аянтын кеңейткени жатат. Мисалы быйыл Талас облусунда 1 миң 354 гектар аянтка кант кызылчасы айдалат. Алынган түшүмдү Чүйдөгү Кайыңды-Кант заводуна ташып жеткирүү жагынан өкмөт жол чыгымдарынын жарысын жапканга жардам берет.
MEDIA1RIGHT
Мындан тышкары былтыр кызылчадан жакшы киреше тапкан Чүйдөгү дыйкандар дагы бул өсүмдүктү көбөйтүүгө көңүлдөнүп жатканын айыл чарба министрлиги белгилөөдө.
Былтыр Чүйдө 5 миң гектардан кем эмес аймакка кант кызылчасы айдалса, быйыл 8 жарым миң гектардан кем болбой турганы айтылды. Буларга дагы өкмөт, темир жол транспорту аркылуу заводго ташып жеткирүү жагынан жеңилдик берген жатат.