Жаңылыктар
Ошто 13 миңден ашык студент окуудан чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто 13 миңден ашык студент окуудан чыгарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2024-жылдын аягында жана 2025-жылдын башында Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда билим сапатын жогорулатуу жана билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында алдын ала профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөнүн маалымдайт.

Иш-чаралар Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Ош педагогикалык университети, Ош коммерция-экономикалык колледжи, Ош музыкалык жана энергетикалык институт сыяктуу негизги окуу жайларда өткөрүлүп, сабакка катышпаган же академиялык карыздары бар жалпы 13 295 студент окуудан чыгарылган.

Окуудан чыгарылган студенттердин саны:

  • Ош мамлекеттик университети — 3 573
  • Ош технологиялык университети — 2 754
  • Ош коммерция-экономикалык колледжи — 3 167
  • Ош педагогикалык университети — 3 629
  • Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалы — 172

Азыркы учурда УКМК жогорку окуу жайлардын кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга жана коррупциялык схемага катышы бар-жогу боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жогорку окуу жайлардын жетекчилерин жана кызматкерлерин билим берүү процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоого, мыйзамдарды катуу сактоого жана коррупцияга каршы туруу боюнча аракеттерди күчөтүүгө чакырат