Жаңылыктар
Караколдо жол оңдоодогу коррупция боюнча экс-директор менен курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Караколдо жол оңдоодогу коррупция боюнча экс-директор менен курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

Каракол шаарында муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору жана курулуш компаниясынын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөрдүн жүрүшүндө капиталдык оңдоо иштеринде олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, 2023-жылдын август айында Жакыпов көчөсүнүн 660 метрге чейинки бөлүгүн оңдоо боюнча 24,5 миллион сомдук түз келишим мыйзам талаптарын бузуу менен түзүлгөнү белгилүү болду.

Мындан сырткары, сапатсыз материалдарды колдонуу жана жасалган жумуштун көлөмүн 3 миллион 62 миң сомго ашыкча көрсөтүү жолу менен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Жыйынтыгында Каракол шаардык жол чарба ишканасынын экс-директору жана «Г-У» ЖЧКсынын жетекчиси кармалып, тергөө кызыкчылыгы үчүн 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.