27-июль күнү кечинде Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы пансионаттардын биринде 5 адам кайык (байдарка) менен сүзүп жүрүп, күтүлбөгөн шамалдан улам жээктен алыстап кетишкен.
Алардын арасында бир эркек, бир аял, эки кыз жана бир наристе болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бул тууралуу маалымат саат 20:30да түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам түрдө 2 куткаруучу кайык менен жана ӨКМдин Суучулдар кызматынын 3 кызматкери тартылып, караңгы убакытка карабастан жарандарды куткарып, моторлуу кеме менен жээкке алып келишкен.
Андан соң куткаруучулар аларды унаа менен Чолпон-Ата шаардык бейтапканага жеткирип, дарыгердин амбулатордук кароосунан өткөрүшкөн. Кароодон кийин эс алуучулар кайра пансионатка жеткирилди. Учурда алардын абалы туруктуу экени белгилүү болду.