Жаңылыктар
Эртең тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 29-июлда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35;

Талас облусу түнкүсүн +2...+7, күндүз +21...+26:

Баткен облусу түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33;

Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +19...+24, күндүз +30...+35;

Ысык-Көл облусу түнкүсүн +20...+25, күндүз +31...+36;

Нарын облусу түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;

Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +20... +22°, күндүз +32...+34 градус болот.